2–9-февралда Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) Илимди өнүктүрүү департаменти окуу жайга караштуу бир катар институт жана факультеттердин профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушууларды уюштурду.
Директор Жолдошбек Бөтөнөев жаңы түзүлгөн департаменттин максат-милдеттерин тааныштырып, окуу жайдагы илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүү саясаты, артыкчылыктуу багыттар жана жоопкерчиликтер тууралуу маалымат берди.
Окутуучулар өз суроолоруна жооп алышты. Ошондой эле илимий изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана долбоордук ишмердүүлүктү активдештирүү боюнча маселелер талкууланды. Алдыда дагы башка институт, факультет жана коллеждерде профессордук-окутуучулук курам менен жолугушуулар пландалууда.
Жаңы түзүлгөн Илимди өнүктүрүү департаментинин курамында аспирантура жана докторантура, илим, инновациялар жана долбоорлор, илимий басылмалар жана типография секторлору бар. Департамент университетте илимий изилдөөлөрдү системалуу өнүктүрүүгө, инновациялык долбоорлорду колдоого жана илимий натыйжалуулукту жогорулатууга багытталган.