Ош: 44 стартап-долбоор Pizza Pitch ивентинде сунушталды

Башкы Жаңылыктар

Ош: 44 стартап-долбоор Pizza Pitch ивентинде сунушталды

Image

7-февралда Ош шаарында алгачкы жолу Pizza Pitch (Пицца Питч) аттуу инновациялык офлайн питчинг-ивент болуп өттү. Иш-чарага 80ден ашуун катышуучу чогулуп, 44 стартап-долбоор өз идеяларын сунуштады.

Питчингге башталгыч ишкерлер, стартап-командалар, студенттер жана жаш адистер катышты. Долбоорлор агротехнология, билим берүү, санарип, медициналык технологиялар, жашыл, туруктуу өнүгүү, меймандостук, коомдук тамактануу, мода, креативдүү кол өнөрчүлүк, электро-авто жана өнөр жай багыттарында сунушталды. 

 

Жыйынтыгында биринчи орунду Bilim Hub долбоору ээледи. Бул– жасалма интеллектке негизделген билим берүү платформасы экзамендерге даярданууну жеңилдетет. Долбоордун негиздөөчүсү – Арнель Рашидов. Ал эми командасынын курамында ОшМУнун окутуучулары жана бүтүрүүчүлөрү бар. 

 

Экинчи орунду Clinexa AI стартапы алды. Долбоор клиникалык жасалма интеллектке негизделип, интерндерге жана дарыгерлерге диагностика жүргүзүүдө, клиникалык чечим кабыл алууда жардам берет. Негиздөөчүлөрү – ОшМУнун Эл аралык медициналык факультетинин студенти Мохаммад Артаза жана дарыгер-изилдөөчү Мохд Файзан Сиддикуи.

3-орунду «Жаңгак» долбоору ээледи. Ал табигый кургатылган мөмө-жемиштерден жасалган пайдалуу момпосуйларды өндүрүүгө багытталган. Долбоордун негиздөөчүсү – ОшМУнун Чыгыш таануу институтунун студенти Наргиза Бекмаматова.

Мындан тышкары Eco Step, Онлайн меню “Санжи”, Эко Зелень жана Football Arena долбоорлору Accelerate Prosperity уюму уюштурган Inspire Cup инкубациялык программасына катышууга чакыруу алышты. Ошондой эле Tilpro, Taza, Toofruits жана Tilbridge долбоорлору жогорку потенциалы үчүн өнөктөштөр тарабынан белектер менен сыйланышты. Жеңүүчүлөр жана мыкты долбоорлор акчалай сыйлыктардан тышкары IELTSке даярдык сертификаттарына, ментордук коштоого жана Virtual Accelerate платформасында онлайн окутууга мүмкүнчүлүк алышты.

Иш-чаранын эксперттери жана калыстар тобунун курамында Гүлназа Халманбетова, Салкынай Эмилбекова, Азатбек Алибаев жана Замир Дуйшеев болду.

Pizza Pitch стартаптарды жана ишкердик демилгелерди колдоого, ошондой эле аймактагы ишкердик жана инновациялык ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө багытталган. Иш-чара Virtual Accelerate (VA) бизнес-платформасынын демилгеси менен уюштурулуп, Nexus College жана Ош мамлекеттик университети менен өнөктөштүктө өткөрүлдү.






 

Фото галерея