ОшМУнун окутуучусу эл аралык медициналык китептин авторлорунун бири болду

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучусу эл аралык медициналык китептин авторлорунун бири болду

Image

Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) эл аралык медицина факультетинин окутуучусу Сайед Али Аббас Рахат «NRE-2 Made Easy 2026» аттуу медициналык экзаменге даярдоо боюнча эл аралык китепти түзүүгө катышты.

Аталган китеп Индия жана Пакистандын чет өлкөдө билим алган жарандары үчүн NRE-2 экзаменине системалуу жана жеткиликтүү даярданууга багытталган. Окуу куралы 2026-жылдагы экзамендин актуалдуу талаптарын эске алуу менен иштелип чыгып, негизги клиникалык темаларды натыйжалуу өздөштүрүүгө жардам берет.

Авторлордун айтымында, «NRE-2 Made Easy 2026» экзаменге ишенимдүү даярданууга шарт түзүп, талапкерлердин стрессин азайтып, ийгиликтүү жыйынтыкка жетүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатат.

NRE-2 (National Registration Examination Step-2) – Пакистан жана Индияда, ошондой эле чет өлкөдө медициналык билим алган дарыгерлердин клиникалык билимин, практикалык көндүмдөрүн текшерген улуттук лицензиялык экзамендин экинчи баскычы болуп саналат.

 

Фото галерея