Иш берүүчүлөр менен жолугушууда атаандаштыкка жөндөмдүү кадрларды даярдоо талкууланды

Башкы Жаңылыктар

Иш берүүчүлөр менен жолугушууда атаандаштыкка жөндөмдүү кадрларды даярдоо талкууланды

4-февралда Ош мамлекеттик университетинде иш берүүчүлөрдүн катышуусунда “Университет жана иш берүүчү” аталышындагы жыйын өттү. Жолугушууда заман талабына жооп берген, эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү кадрларды даярдоо маселеси негизги тема болду.

Иш-чара ОшМУнун Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунда уюштурулуп, ага банк секторунун, курулуш тармагынын, электр энергиясы системасынын, өндүрүш ишканаларынын өкүлдөрү, мектептерден жана башка билим берүү мекемелеринен келген адистер катышты. Мындан сырткары Ноокат, Араван, Кара-Суу райондорунан жана Өзбекстандан келген иш берүүчүлөр да жолугушуунун коноктору болушту.

Жыйында билим берүү программаларын эмгек рыногунун талаптарына ылайыкташтыруу, студенттердин практикалык көндүмдөрүн жогорулатуу жана бүтүрүүчүлөрдүн жумушка орношуусун жеңилдетүү боюнча пикирлер айтылды. Иш-чара талкуу жана суроо-жооп форматында өттү.

Ошондой эле жыйында жаңы иштелип чыккан www.job.oshsu.kg сайты тааныштырылды. Бул платформа аркылуу иш берүүчүлөр бош жумуш орундарын жайгаштыра алышса, бүтүрүүчүлөр жана студенттер өз резюмелерин толтуруп, жумуш издөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. ОшМУнун бизнес жана карьера өнүктүрүү секторунун улук инспектору Азирет Маткалыковдун айтымында, платформа толук ишке кирсе, бош орундар тууралуу маалымат алуу кыйла жеңилдейт.

Уюштуруучулардын белгилешинче, мындай жолугушуулар университет менен эмгек рыногунун ортосундагы байланышты бекемдеп, бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусуна жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.

 

Фото галерея