Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) ректору Кудайберди Кожобеков Бишкекте өткөн JICA жана Кыргыз-Жапон адамдык өнүгүү борборунун (KRJC) мааракелик иш-чарасында катышты.
Иш-чара 30-январда JICAнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жана KRJCнин уюштуруусу менен өттү. Маараке
JICA өкүлчүлүгүнүн жана жапон ыктыярчылар программасынын 25 жылдыгына, KRJCнин 30 жылдыгына арналды.
Жыйындын жүрүшүндө Жапония менен Кыргызстандын ортосундагы көп жылдык кызматташтыктын жыйынтыктары талданып, адамдык өнүгүү, билим берүү жана илим тармагындагы өнөктөштүктүн келечеги талкууланды.
Мааракелик иш-чарада жапон-кыргыз илимий кызматташтыгынын ийгиликтүү мисалы катары ОшМУ менен Токио илим институту биргеликте ишке ашырып жаткан SATREPS эл аралык илимий долбоору белгиленди. Долбоордун алкагында ОшМУнун базасында абанын булганышын изилдөө боюнча IRCAPS илимий борбору түзүлгөн.
Иш-чарага Кудайберди Кожобековдон сырткары долбоордун координатору Роман Калматов, Токио илим институтунун профессору Нобутоши Нава, аталган институттун PhD докторанты, ОшМУнун айкалыштыруучу окутуучусу Айпери Асанбек кызы катышты. Ректор жыйындын алкагында Жапониянын эл аралык кызматташуу агенттигинин (JICA) вице-президенти Йошикава Йошифуми жана аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Хирано Рюити менен жолугушту.
SATREPS программасы Кыргызстандын тарыхында Жапония менен биргеликте ишке ашырылып жаткан алгачкы ири илимий долбоор болуп саналат.