Ош мамлекеттик университетинин Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун факультеттер аралык орус тилинин практикалык курсу кафедрасынын окутуучулары англис тили боюнча квалификациясын жогорулатышты.
Алар «Полиглот» билим берүү борбору уюштурган «Академиялык жана кесиптик баарлашуу» аттуу англис тили курстарынан өтүштү. Окутуу A2–B1 жана B1+ деңгээлдеринде жүргүзүлүп, англис тилинде академиялык жана кесиптик коммуникацияны өнүктүрүүгө багытталды.
Курстун алкагында катышуучулар заманбап окутуу ыкмалары менен таанышып, практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүштү. Жыйынтыгында окутуучуларга 90 сааттык квалификацияны жогорулатуу тууралуу сертификаттар тапшырылды.
Бул окуу программасы окутуучулардын кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга багытталган.