Ош мамлекеттик университетинин «ОшМУ» футбол клубу 15-30-январь күндөрү Өзбекстандын Ташкент шаарында окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатат. Бул машыгуу 2026-жылкы сезонго даярдыктын алкагында уюштурулду.
Жаңы сезондо команда Кыргызстандын Жогорку лигасындагы оюндарга катышат. Бул ирет 16 клуб мелдешет жана бардык оюндарда VAR видео-текшерүү системасы колдонулат. Бул система оюндардын адилеттүүлүгүн жогорулатуу үчүн киргизилди.
Футбол клубдун башкы машыктыруучусу болуп Немат Кошоков дайындалды. Ал футболчу катары «Ак-Алтын», «Динамо» (Ош), «Нефтчи» жана «Ак-Буура» командаларында ойногон. Футболчулук карьерасын аяктагандан кийин балдар машыктыруучусу болуп иштеп, А. Момунов атындагы Футбол академиясында жана Кыргызстандын футбол федерациясынын техникалык бөлүмүндө иштеген. 2010-жылдардын экинчи жарымында «Алай» командасынын машыктыруучулар штабынын мүчөсү болгон.