Дипломдон кийинки жана үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борборунун жетекчилери Армениядагы «Айбусак» Ереван университетинде иш сапарда болушту.
Иш-чара 14-16-январь күндөрү өтүп, анда ординаторлордун теориялык билими менен практикалык даярдыгы бааланды.
Бул сапар ОшМУ менен «Айбусак» Ереван университетинин ортосунда 2025-жылы түзүлгөн кызматташуу меморандумунун алкагында уюштурулду. Делегация курамында Дипломдон кийинки үзгүлтүксүз медициналык билим берүү борборунун директору Анара Жанбаева, стоматологиялык адистиктер боюнча программалардын жетекчиси Гулнара Эргешова жана терапиялык программалардын жетекчиси Жазгул Иметова болду.
Арменияда ОшМУнун өкүлдөрү келишимге ылайык кабыл алынып, билим алып жаткан 20 ординатордун клиникалык базаларда практикалык көндүмдөрүн кабыл алуу процессине катышты. Ошондой эле стоматология, хирургиялык стоматология, дерматовенерология, нур диагностикасы адистиктери боюнча аралык аттестация өткөрүүгө катышты.
15-16-январь күндөрү ординаторлор «Айбусак» университетинин базасында эки этаптан турган тестирлөө жана практикалык аттестациядан өтүштү. Аттестация боюнча сынактар «Айбусак» университетинин клиникалык жетекчилери жана ОшМУнун программалардын жетекчилери менен биргеликте уюштурулду.
Иш сапардын алкагында ОшМУ, «Айбусак» университети жана клиникалык базалардын ортосунда үч тараптуу келишимге кол коюлду. Анда ординатуранын окуу планы, адистиктер боюнча компетенциялар каталогу, келечектеги клиникалык насаатчылардын ролу талкууланды. Мындан сырткары ОшМУнун окутуучулары Армениянын Улуттук дерматологиялык борбору, республикалык медициналык борбору, «Агат» жана «Рин Арт» стоматологиялык борборлорунда болуп, алардын ишмердиги менен жеринен таанышышты.