Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз-Кытай факультетинин студенттери залка жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Гүлсарат” чыгармасы боюнча билимин сынашты.
Сынак учурунда студенттер чыгармадан суроолорго жооп берип, каармандардын образдарын талдап, өз ойлорун билдиришти. Мындан сырткары “Гүлсарат” чыгармасынан үзүндүлөрдү көркөм окуп, Айтматовдун чыгармаларына арналган сүрөттөрдү тартышты.
Жыйынтыгында Жылдыз Ильяз кызыбиринчи орунга ээ болду. Айтмырза Таштутов экинчи, Аяна Акжол кызы үчүнчү орунду алды. Аларга дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ал эми активдүү катышкан студенттер көркөм адабий китептер менен сыйланышты.
Иш-чара студенттердин көркөм адабиятка болгон кызыгуусун арттыруу жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу улуттук руханий баалуулуктарды жайылтуу максатында уюштурулду. Сынакты Кыргыз-Кытай факультетинин окутуучулары жана факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасы демилгелеген.
Иш-чара президент Садыр Жапаровдун «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жарлыгынын алкагында жана 12-декабрь – Улуттук адабият күнүнө арналган.