Киберкоопсуздук боюнча интерактивдүү воркшоп өттү

Башкы Жаңылыктар

Киберкоопсуздук боюнча интерактивдүү воркшоп өттү

Image

Ош мамлекеттик университетинде «Күнүмдүк жана кесиптик жашоодогу киберкоопсуздук» аттуу воркшоп уюштурулду. Иш-чарага Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун жана Тарых-юридика институтунун студенттери катышты.

Алар беш топко бөлүнүп, киберкоопсуздук боюнча практикалык тапшырмаларды аткарышты. Воркшоптун максаты — киберкоркунучтарды таанып-билүү, алдамчылык схемаларды ажыратуу жана жеке маалыматтарды коргоо көндүмдөрүн калыптандыруу.

Конок лектор катары чакырылган Математика, физика, техника жана маалыматтык технологиялар институтунун директору Бектур Азимов санариптик сабаттуулуктун маанисин белгиледи. Иш-чарада киберкоопсуздук негиздери, жеке маалыматтар, фишинг, скам жана зыяндуу программалар тууралуу лекциялар окулду. Кыргызстанда көп кездешкен киберкоркунучтар талданды.

Практикалык бөлүктө студенттер «Коркунучту тааны» кейстерин талдап, жасалма банк каттары, «утуш», код сураган билдирүүлөр жана фейк сайттар боюнча анализ жүргүзүштү. Ар бир топ туура аракеттердин алгоритмин сунуштады.

Воркшоп интерактивдүү Kahoot викторинасы менен улантылып, катышуучулар өз билимдерин текшерди. Иш-чаранын соңунда «Киберкоопсуздук антивирустан эмес, адамдын аң-сезимдүү жүрүм-турумунан башталат» деген ой баса белгиленди. Студенттер санариптик чөйрөдө этият болууга чакырылды.

Иш-чара Тарых-юридика институтунун кылмыш-жаза укугу жана процесси кафедрасынын профессору Аманай Акматова жана жазык укугу жана процесси кафедрасынын профессору Джамиля Асанбекова тарабынан уюштурулду.

Фото галерея