Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) ректору Кудайберди Кожобеков 3-декабрда Москвада Шанхай Кызматташтык Уюмунун университетине мүчө болгон Кыргызстандагы университеттердин координатору катары катышты.
Иш-чара Патрис Лумумба атындагы Россия Элдер Достугу университетинде өттү.
Жыйында катышуучулар ЖОЖдорунун кызматташтыгын кеңейтүүгө жана билим берүү багытындагы интеграцияны тереңдетүүгө арналган бир катар маселелерди талкуулашты. Айрыкча, университеттердин башкаруу эффективдүүлүгүн жогорулатуу, академиялык кызматташтыкты күчөтүү жана биргелешкен билим берүү программаларын өнүктүрүү боюнча сунуштар берилди.
Ошондой эле мүчө университеттер ортосундагы келишимдердин бирдиктүү базасын түзүү, документ жүгүртүү системасын жаңылоо, Шанхай кызматташтык уюмунун расмий сайтынын структурасын өркүндөтүү маселелери каралды.
Жыйындын соңунда ректорлор уюмга мүчө университеттердин өнүгүү концепциясын талкуулап, жаңы чакырыктарга жана милдеттерге ылайык документти актуалдаштыруу зарылдыгын белгилешти. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар 2026-жылдагы Ректорлор кеңешинин кезектеги жыйынынын датасын жана өтүүчү жерин аныкташты.
Иш-чарага Беларусия, Иран, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Кыргызстан жана Орусиядагы ЖОЖдордун ректорлору катышты.