Ташкентте "Борбор Азия: бирдиктүү руханий-агартуучулук мурас - жалпы келечек" эл аралык конгресси өтүп жатат

Башкы Жаңылыктар

Ташкентте "Борбор Азия: бирдиктүү руханий-агартуучулук мурас - жалпы келечек" эл аралык конгресси өтүп жатат

Image

Ташкент шаарында өтүп жаткан "Борбордук Азия: бирдиктүү руханий-агартуучулук мурас - жалпы келечек" аттуу эл аралык конгресске ОшМУнун Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөев катышып жатат.  

Ал бүгүн, 14-ноябрь күнү " XIX кылымда Фергана өрөөнүндө билим алган ишмерлер жана алардын ишмердүүлүгү” жана “Кыргызстандагы репрессиянын курмандыктары: басмачылар кыймылы, ээликтен ажыратуу саясаты жана саясий репрессия (1920-1930-жж.)” темаларында илимий баяндамаларды жасайт.

Конгресске Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Тажикстандын маданият министрлери, дин аалымдары, улуттук илимдер академиясынын президенттери, жогорку окуу жайларынын ректорлору, директорлору, мамлекеттик музейлердин, китепканалардын, кинематографиялардын директорлору, тарыхчылар, жазуучулар, сүрөтчүлөр жана жаштардын өкүлдөрү катышууда.

Иш-чара 15-ноябрь күнү аталган өлкөлөрдүн президенттеринин катышуусу менен жыйынтыкталат.







 

Фото галерея