ОшМУнун медициналык клинкасынын алдында онкологиялык ооруларды эрте аныктоо боюнча борбор иштеп баштайт. Анда Кыргызстандагы жана чет өлкөлөрдөгү университеттер менен биргеликте илдетти алдын алуу, аныктоо жана дарылоо жаатындагы илимий изилдөөлөр жүргүзүлөт.
Ошондой эле борбордо студенттер, ординаторлор, аспиранттар жана медициналык кызматкерлер үчүн онкология, радиология, медициналык информатика боюнча жаңы билим берүү программалары иштелип чыгат. Заманбап технологияларды, анын ичинде жасалма интеллектти, биоинформатиканы колдонуу менен маалымат базалары жана аналитикалык системалар түзүлөт. Борбордун кызматкерлери болсо калк арасында онкологиялык ооруларды алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, маалымат беришет.
Бул борбор ОшМУ куруп жаткан жети кабаттуу клиниканын (Ош шаардык клиникалык ооруканасынын мурдагы орду) биринчи кабатында жайгашат. Ал IT-системалар жана молекулярдык, радиологиялык изилдөөлөр үчүн заманбап жабдуулар менен камсыздалат. Борбор алдыңкы илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, онкологиялык ооруларды аныктоо жана дарылоодо инновациялык технологияларды киргизүү, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо максатында ачылууда.
Борбор Дүйнөлүк банк каржылаган медицина тармагындагы илимий-изилдөө жана инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүүгө багытталган долбоордун алкагында ишке ашат. Буга байланыштуу бүгүн, 13-ноябрда долбоордун жетекчиси Широ Наката баштаган делегация ОшМУга келип, ректор Кудайберди Кожобеков менен жолукту. Тараптар долбоордун алкагындагы иш аракеттер боюнча сүйлөштү. Ошондой эле коноктор окуу жайдын Дата борбору, Next Generation Hub борбору, Медициналык клиникасы менен таанышты.