11-ноябрда ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинде «Салабаттуу жүрүм-турум — кыз баланын абийирдүү миссиясы» деген темада жолугушуу уюштурулду.
Ага Ош шаарындагы Адам репродуктивдик борборунун акушер-гинекологдору Айгерим Султаналиева жана Жайнагүл Дүйшөбай кызы чакырылды. Алар кыздардын репродуктивдик саламаттыгы, ички гигиенасы жана өзүн-өзү кароо боюнча маалымат беришти. Мындан сырткары колледждин Аялдар кеңеши тарабынан ички тартипти сактоо, билим алууга умтулуу жана коомдогу жүрүм-турум маданияты тууралуу тарбиялык кеп-кеңештер айтылды.
Жолугушуу кыздардын ден соолугуна кам көрүү, жоопкерчиликтүү мамиле кылуу жана туура жүрүм-турумду калыптандыруу максатында уюштурулду. Иш-чараны Индустриалдык-педагогикалык колледжи жана Эл аралык билим берүү программалар колледжинин Аялдар кеңеши демилгеледи.