ОшМУнун Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун орус филологиясы бөлүмү 13-октябрдан 12-ноябрга чейин билим берүү айлыгын өткөрдү. Сабактарга кафедра башчылар, методисттер жана окутуучулар катышты.
Бир айлыктын алкагында орус тили жана адабияты профили боюнча кош дипломдуу программанын профессордук-окутуучулук курамы биринчи, экинчи курстун студенттерине ачык сабак, мастер-класс, лекция, практикалык сабактарды өткөрүштү. Аталган программа ОшМу тарабынан Астанадагы Л.Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университети менен биргеликте ишке ашырылып жатат.
Ошондой эле кош дипломдуу программанын студенттери адабий жана лингвистикалык викториналарга, маданий иш-чараларга катышты. Мындан тышкары программанын 1-4-курсунун студенттери үчүн жыл сайын уюштурулган ЕМУнун филиалынын директору, программанын директору жана окутуучулары катышкан ата-энелердин чогулушу болду.
Учурда кош дипломдуу программада 35 студент билим алууда.
Билим берүү боюнча бир айлык программа кош дипломдуу программанын жетекчиси Диларам Мадаминованын жетекчилиги астында өткөрүлдү.