Бүгүн, 12-ноябрда Эл аралык медициналык факультетте окуу микробиологиялык лабораториясы жана лапароскопия боюнча симуляциялык окутуу борбору ачылып, пайдаланууга берилди.
Салтанатка ректор Кудайберди Кожобеков жана факультеттин окутуучулары, студенттер катышты.
Жаңы ачылган окуу микробиологиялык лабораториясы коомдук саламаттык сактоо жана далилдүү медицина курсу кафедрасынын алдында иш алып барат. Мында студенттер менен окутуучуларга микробиология, паразитология жана микология тармактарында окуу жана илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө шарт түзүлдү. Лаборатория биологиялык коопсуздуктун BSL-1 деңгээлине ылайык жабдылган. Келечекте анын ишмердүүлүгү иммунология багытында кеңейтилери күтүлүүдө.
Ал эми лапароскопия боюнча симуляциялык окутуу борбору акушердик, гинекология жана хирургиялык дисциплиналар кафедрасынын курамында иштейт. Борбор студенттер менен жаш дарыгерлердин аз инвазивдик хирургиядагы практикалык көндүмдөрүн өркүндөтүүгө багытталган. Ал сегиз заманбап лапароскопиялык тренажёр менен жабдылып, реалдуу хирургиялык кырдаалдарды моделдөөгө мүмкүнчүлүк берет.
Жаңы лабораториялар факультеттин илимий-изилдөө жана окутуу иштерин жаңы баскычка чыгарууга, студенттердин практикалык тажрыйбасын тереңдетүүгө багытталган.