ОшМУдан өкүлдөр DEFA долбоорунун жыйынтыктоочу конференциясына катышууда 

Башкы Жаңылыктар

ОшМУдан өкүлдөр DEFA долбоорунун жыйынтыктоочу конференциясына катышууда 

Image

DEFA CBHE – «Кыргызстан университеттеринин финансылык автономиялуулугун өнүктүрүү» долбоорунун жыйынтыктоочу конференциясы Бишкекте Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде өтүп жатат. Ага Ош мамлекеттик университетинен долбоордун координатору, Эл аралык медицина факультетинин деканы Роман Калматов, Рейтинг бөлүмүнүн башчысы Максат Тотобаев катышууда.

Жыйында долбоорго катышкан өнөктөш университеттердин презентациялары орун алат. Мында алар өз окуу жайындагы башкаруу системаларында жана билим берүү процессинде долбоордун алкагындагы өзгөрүүлөр, финансылык автономияны киргизүүдөгү тажрыйбалары менен бөлүшөт. Ошондой эле долбоордун туруктуулугун камсыздоо боюнча тренинг өткөрүлөт. Аны менен катар эле Кыргызстан, Италия жана Германиядагы өнөктөш университеттердин финансылык отчеттору талкууланат.

Иш-чара эртең, 13-ноябрда стратегиялык пландоо боюнча семинарлар жана долбоордун координаторлорунун жыйынтыктоочу жыйыны менен аяктайт. 

Аталган долбоор Erasmus+ программасынын колдоосу менен ишке ашырылып жатат. Конференция долбоордун жыйынтыктарын талкуулоо жана жогорку окуу жайлардын финансылык автономиясын өнүктүрүү боюнча туруктуу механизмдерди иштеп чыгуу максатында уюштурулду. 

 

Фото галерея