Денизли шаарында окуп жаткан ОшМУнун студенттери элчи менен жолугушту

Башкы Жаңылыктар

Денизли шаарында окуп жаткан ОшМУнун студенттери элчи менен жолугушту

Image

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев жана Анталиядагы башкы консул Рустам Кошонов Денизли шаарында билим алып жаткан Ош мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугушуу өткөрүштү.

Анда студенттер Түркиядагы жашоо, билим алуу, визалык жана жарандык маселелер боюнча өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, элчи менен түз баарлашуу болду. Руслан Казакбаев кыргыз өкмөтү тарабынан билим берүү системасында жүргүзүлүп жаткан реформалар, чет өлкөдөгү жарандардын укуктарын коргоо жана мекендештерди колдоо багытындагы иштер тууралуу кеңири маалымат берди.

Ошондой эле жолугушууда жаштардын демилгелерин колдоо, алардын маданий жана социалдык активдүүлүгүн жогорулатуу зарылдыгы белгиленди. Элчи студенттерге сапаттуу билим алуу керектигин айтып, биримдикти сактап, мекенге пайдалуу адис болуп кайтуу маанилүүлүгүн белгиледи.

Иш-чаранын негизги максаты – чет өлкөдө билим алып жаткан жаштар менен байланыш түзүү, алардын окуу жана жашоо шарттары менен таанышуу, мекенден алыста жүргөн студенттерди колдоо болду.

Учурда Денизли шаарындагы Памукале университетинде ОшМУнун 13 студенти билим алууда.

 

Фото галерея