Волейбол боюнча Кыргызстандын кыздар курама командасы жаштар арасындагы зоналык Азия чемпионатында биринчи орунду ээледи.
Улуттук кураманы Ош мамлекеттик университетинин факультеттер аралык №1 дене тарбия кафедрасынын окутуучусу Уланбек уулу Курстанбек машыктырган. Ошондой эле команданын оюнчуларынын арасында окуу жайдын Кыргыз–Кытай факультетинин 1-курсунун студенти Гүлмира Туленова да болуп, өлкө намысын татыктуу коргоду.
19 жашка чейинкилар арасындагы CAVA чакырык кубогу 3–9-ноябрда Шри-Ланканын Коломбо шаарында өттү. Эл аралык мелдешке Кыргызстан, Мальдив аралдары, Непал жана Шри-Ланка мамлекеттеринин курама командалары катышкан.