Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун директору Абдурашит Низамиев Душанбедеги Айни атындагы Тажик мамлекеттик педагогикалык университетинде “Кыргызстанда жашыл экономикага өтүү: мамлекеттик стратегия менен илимий изилдөөлөрдү синхрондоштуруу” деген темада илимий баяндама жасады.
Мындан сырткары ал «Табигый ресурстар – Тажикистандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү негизги фактор» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын пленардык отурумунда сөз сүйлөдү.
Илимий сапар 22-26-октябрь күндөрү уюшутурулуп, ОшМУдан Абдурашит Низамиев, физикалык география, Кыргызстандын географиясы жана табият таануу концерциясы кафедрасынын доценти Элмурат Обдунов барды.
Иш-чаранын алкагында коноктор Турзунзаде шаарындагы жүзүм плантациялары жана Нурек ГЭСине экскурсия жасашты. Ошондой эле Ягноб дарыясынын жогорку агымында жайгашкан “Ягноб” улуттук табигый паркын кыдырышты. Согдианалыктардын түз тукумдары болгон ягнобдордун жашоо-тиричилиги, үй чарбасы жана маданий салттары менен таанышты.