Сынак Ош мамлекеттик университетинин Медицина факультетинин студенттери арасында өттү. Анда көркөм сүрөт, социалдык видеоролик жана сүрөт багыттары боюнча 70тен ашуун эмгек келип түшкөн.
Жыйынтыгында мыктылар аныкталып, 19-октябрь Биоэтика күнүнө карата уюштурулган иш-чарада сыйлыктар берилди.
Жыйындын алкагында катышуучулар экологиялык жоопкерчилик жана адамдын ден соолугуна айлана-чөйрөнүн таасири боюнча пикир алышты. Мындан сырткары Оштун мисалында айлана-чөйрөнүн калктын саламаттыгына тийгизген таасири, шаардын жашыл массивдери боюнча баяндамалар окулду.
Ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү экологиялык коопсуздук жаатында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти. Алар айлана-чөйрөнү таза сактоо ар бир жарандын милдети экенин белгилешти.
Иш-чараны Медицина факультети жана Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы биргеликте демилгеледи.