Окутуучулар Самарканд мамлекеттик университетинде тажрыйбалары менен бөлүштү

Башкы Жаңылыктар

Окутуучулар Самарканд мамлекеттик университетинде тажрыйбалары менен бөлүштү

Image

ОшМУнун табигый илимдер, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун химия жана химиялык технология кафедрасынын башчысы Хилола  Гаффорова, доцент Олияхон  Юлдашова, окутуучу Фатима Маткеримова Өзбекстандын Самарканд мамлекеттик университетинде өткөн эл аралык жыйынга катышты. 

«Азык-түлүк коопсуздугу: глобалдык жана улуттук көйгөйлөр» аталышындагы илимий жыйында Юлдашова Кыргызстандын түштүгүндөгү балдардын тамактануу өзгөчөлүктөрүнүн көрсөткүчү боюнча илимий изилдөөсү менен бөлүштү. Ал эми Гаффорова магистранттар үчүн биоорганикалык химия боюнча «Татаал углеводдор» темасында конок лекция окуду. 

Олияхон Юлдашова «Жүрөктүн автоматиясы», Фатима Маткеримова «Сөөктүү балыктардын классификациясы жана биологиялык өзгөчөлүктөрү» темаларында ачык практикалык сабактарды өтүп беришти. Мындан сырткары алар университеттер аралык кесиптик-педагогикалык жана илимий-изилдөө багытындагы кызматташууну өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү . 

 

 

Фото галерея