Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасында кытайлык дарыгерлер катаракта жана глаукома оорулары менен жабыркаган бейтаптарга акысыз операция жасап жатышат. ОшМУнун кыргыз-кытай факультетинин беш студенти волонтер катары дарыгер менен бейтапты байланыштырып котормо кызматын аткарууда.
Көз дарыгерлери "Экспресс ден соолук – жаркын саякат" деп аталган долбоордун алкагында келди. Операциялар 13-октябрдан 25-октябрга чейин уланат. Долбоордо волонтер болгон студенттер кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүп, Кыргызстан менен Кытайдын достугун бекемдөөгө салым кошууда.
Катаракта – бул көздүн көрүү функциясынын төмөндөшүнө алып келет. Тагыраагы, адам бир нерсени ачык көрө албайт. Ал операция жолу менен гана дарыланат.
Глаукома — көздун ичиндеги басым туруктуу же мезгил-мезгили менен жогорулап турат.
Кыргыз-Кытай факультетинде бакалавр, магистратура багыттарында лингвистика, котормо жана котормо таануу, кытай таануу, филология адистиктери даярдалат. Факультет Кытайдын 80ден ашуун ЖОЖдору менен билим берүү, илим изилдөө, академиялык мобилдүүлүк багыттарында кызматташуу келишимине кол койгон.