Окуу жайдын Айыл чарба колледжинде калкты экологиялык таза продукция менен камсыз кылуудагы агрономдордун, ветериналардын орду, ушул багытта көйгөйлөрдү аныктоо, чечүү жолдорун иштеп чыгуу боюнча илимий жыйын уюштурулду.
Ага Кыргызстандын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер, доцент Абдирашит Халмурзаев, колледждин директору Полот Тувашев, окутуучулар жана студенттер катышты.
Халмурзаев өзүнүн ветернария багытындагы тажрыйбасы менен бөлүшүп, маалыматтарды берди. Ал эми студенттер жаныбарлар арасындагы ар түрдүү жугуштуу оорулар, экологиялык коопсуздук, айыл чарба техникалары боюнча илимий баяндамаларды окушту. Ошондой эле алар тарабынан даярдалган тамак-аш, жашылча-жемиштердин көргөзмөсү орун алды.
Иш-чара кечээ, 20-октябрда Агро өнөр жай комплексинин кызматкерлиринин күнүнө карата уюштурулду.