Бүгүн, 16-октябрда Ош мамлекеттик университетинде “Мавераннахрдан Анатолияга ислам аалымдары: II эл аралык Караханиддер доору” симпозиуму өтүп жатат.
Иш-чарага Түркия, Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Уэльс, Бангладеш, Австрия жана АКШдан онлайн жана оффлайн форматта дин аалымдары, окумуштуулар катышууда.
Симпозиумдун алкагында Түркиядагы “Хадис тарыхы” коомдук уюму менен ОшМУнун ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду. Ага ылайык, тараптар илимий изилдөөлөдү жүргүзүп жаткан профессор, окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү, илимий, билим берүүчүлүк багытта кызматташтыкты бекемдөөнү камсыздайт.
“IX-XIII кылымда Караханиддер доорунда Борбор Азияда, Кыргызстанда чыккан ислам аалымдары дүйнө элине адеп-ахлак, илим жаатында көп салымдарды кошкон. Бүгүнкү иш-чара дал ошолорго арналып өткөрүлүп жатат. Сиппозиумга сырттан 26 профессор, аалымдар келип, жалпысынган 91 баяндама окулат”, -деди ОшМУнун Теология факультетинин деканы Ниязалы Арипов.
Иш-чара ОшМУнун Теология факультети, Түркиядагы Йылдырым Беязыт университети, “Хадис” тарыхы уюму тарабынан демилгеленди. Ал эми ТИКА Түрк кызматташтык жана координация агенттиги уюштуруу иштерине көмөктөштү.