ОшМУнун окутуучулары Бухарадагы эл аралык иш-чарада тажрыйбалары менен бөлүштү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучулары Бухарадагы эл аралык иш-чарада тажрыйбалары менен бөлүштү

Image

ОшМУнун математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунан профессору Дилмурат Турсунов баштаган окутуучулар Өзбекстандын Бухара шаарында өткөн «Математикалык физика жана заманбап анализдин актуалдуу маселелери» эл аралык иш-чарасына катышты. Мында өздөрүнүн илимий изилдөөлөрүн сунуштап, тематикалык секцияларда баяндамаларды окушту. 

Жыйында алгебра жана геометрия, дифференциалдык теңдемелер, математикалык физика, математикалык анализ, математикалык статистика жана колдонмо илимдердин учурдагы абалы менен келечектеги өнүгүү багыттары кеңири талкууланды. Катышуучулар математика менен физиканын өз ара байланышы, алардын заманбап технологиялардагы ролу жана жасалма интеллектти өнүктүрүүдөгү мааниси боюнча да ой бөлүштү. 

Конференция жыйынтыгында катышуучулар ортосунда биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү, студенттик академиялык мобилдүүлүк жана илимий макалаларды эл аралык журналдарда биргелешип жарыялоо боюнча сунуштар берилди.

 

Фото галерея