26-28-сентябрда Ысык-Көлдүн жээгиндеги «Евразия» пансионатында студенттик демилгелер форуму өттү. Ага өлкөнүн ар кайсы бурчунан келген жүздөн ашык студент катышты. Ош мамлекеттик университетинен Медицина факультетинин тарбия иштер боюнча декандын орун басары Эрлан Эндеше уулу баштаган төрт студент катышып келди.
Иш-чарага «Евразия Кей Джи» регионалдык офисинин директору Кымбат Урумкулова, Кыргызстандын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Кемель Садыков, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев катышты. Кымбат Урумкулова фонд көп жылдардан бери жаштарга, мугалимдерге, дарыгерлерге, үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүп, билим берүү, маданият, социалдык демилгелер боюнча долбоорлорду ишке ашырып келе жаткандыгын белгиледи.
Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Кемель Садыков Кыргызстандагы университеттерде активдүү түрдө бизнес-инкубаторлор, технопарктар жана инновациялык борборлор түзүлүп жатканына токтолду. Анын айтымында, студенттер өз стартаптарын өнүктүрүп, идеяларын сыноодон өткөрүп, өнөктөштөрдү таап, инвесторлор менен иштешүүдө.
Ал эми Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жаштардын долбоорлоруна 500 миң сомго чейин грант түрүндө каржылык колдоо көрсөтүп жатышканын айтты. Бүгүнкү күндө мекеме 30дан ашык студенттик стартаптарды каржылаган.
2025-жылы ОшМУнун Бизнес паркынын эки резидент-студенттеринин “GFace технологиясы – көздүн кыймылы аркылуу компьютерди башкаруу системасы”, ZN brend – ZN Inclusive – инклюзивдик кийим дизайны жана өндүрүшү стартаптары министрликтин каржылык колдоосуна ээ болгон.
Буга чейин ректор Кудайберди Кожобеков «Евразия Кей Джи» регионалдык фондунун өкүлдөрү менен жолугуп, кызматташуу боюнча сүйлөшүшкөн.