26-сентябрда «ОшМУ» футбол клубу Бишкектин АзияГОЛ футбол клубу менен оюн өткөрүп, 38-мүнөттө эсеп сандарын ачты. Алгачкы жана жалгыз голду аттаандаштардын дарбазасына Ричард Ромарио киргизди. Ошондой эле чабуулчу беттештин «Эң мыкты оюнчусу» аталды.
Мелдеш Кара-Суу шаарындагы жаңыдан реконструкциядан өткөн «Манас» стадионундо өттү. Мэр Ислам Эрмаматов Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобековго стадионду «ОшМУ» футбол клубу үчүн убактылуу пайдаланууга тапшырды. Эми клубдун өз тааласындагы оюндары, окуу-машыгуулары ошол жерде өтөт.
Буга чейин стадион президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык толук оңдоп-түзөөдөн өткөн. Мында жабдуулар алмаштырылып, трибуналар орнотулуп, өзбекстандык адистер өстүргөн табигый чөп төшөлгөн.