
Ош мамлекеттик университетинин 88 жаштагы студенти Мамат Кулматов окуусун аяктады. Ал Медицина факультетинин кечки бөлүмүнүн фармацевтика адистигине тапшырган эле. Аксакал ден соолугу жакшы болуп турса, алдыда ординатураны да окууну пландап жатканын айтты. Мындан тышкары элдик табыпчылыкты да өздөштүрүп жатыптыр.
“Ар бир адам илимдүү болушу керек. Канча жашта болбосун билим алууга кеч болбойт”, – дейт ал.
Мамат Кулматов 76 жашында Аравандагы медициналык колледжге тапшырып, 79 жашында аяктаган. Жаш кезинде айыл-чарба техникумунда окуп, аграном адистигине ээ болгон. Айыл-чарба багытында көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип, жаңы уруктарды өндүрүү боюнча тажрыйбаларды жүргүзүп келет.
Айтымында, 1959-жылы ОшМУнун биохимия адистигине тапшырып, бирок турмуштук кыйынчылыктардан улам окуусун уланта албай калган. Медицина багытында билим алуусуна апасынын оорудан улам жаш өтүп кеткендиги себеп болгон. Ошол мезгилде ал “дарыгер болом” деп өзүнө сөз берген.
Аксакал байбичеси менен төрт кыз, бир уулду тарбиялап өстүрүшкөн. Учурда 20дан ашуун небере, чеберелери бар.
Эске салсак: ОшМУнун жетекчилиги Мамат Кулматовду окуу акысынан бошотуп, жатаканадан орун берип, бардык керектүү шарттарды түзүп берген.
Фотолор Эламан Темирбердиевден алынды