
Баскетбол боюнча 2024-2025-жылдын жыйынтыктоочу сезону 7-8-июнда Ош шаарында өттү. Финалда ОшМУнун клубу Майлуу-Суу шаары командасы менен оюн көрсөтүп, жыйынтыгында үчүнчү орунду ээледи.
“2024-2025-жылдардын сезону октябрь айында старт алып, жалпысынан 23 команда катышты. Алар Кыргызстандын жети облусунан, ири шаарларынан чыккан курама командалар болушту. 2023-2024-жылы сезондо ОшМУнун баскетбол клубу төртүнчү орунду ээлеген”,- деди команданын машыктыруучусу Руслан Мазитов.
Чемпионатта "Мыкты коргоочу" номинациясына ОшМУнун командасынын оюнчусу Эрлан Матаев ээ болду. “Мыкты машыктыруучу” номинациясы Руслан Мазитовго ыйгарылды.