ОшМУ Чонбук университети менен уйлардын, койлордун асыл тукумдуулугун жогорулатуу багытында кызматташат

Башкы Жаңылыктар

ОшМУ Чонбук университети менен уйлардын, койлордун асыл тукумдуулугун жогорулатуу багытында кызматташат

Image

Кореянын Чонбук улуттук университетинин профессору Чой Сэнху баштаган делегация бүгүн, 4-июнда ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков менен жолугуп, алдыдагы кызматташтыктар боюнча пикир алышты. 

Эки жылдан бери университеттер илим изилдөө жаатында «Ала-Тоо» жана «Кара-ала» породасындагы уйлардын асыл тукумдуулугун жакшыртуу багытында изилдөө иштерин жүргүзүп келишкен. Анда жергиликтүү уйлардын сүт, эт кунардуулугун жакшыртып, алдыда Кореядагы өстүрүлгөн уйлардын деңгээлине жеткирүү пландалган. 

Андан сырткары Баткендин Кадамжай районунда «Ала-Тоо» породасын өстүргөн фермердин уйларынан анализ алынып, Кореянын илим изилдөө борборуна жиберилген. Учурда изилдөө иштери алып барылууда. Окумуштуулар бул багытта жасалган иштерди келечекте абройлуу журналдарга чыгарууну максат кылышкан.  

«Биргелешкен изилдөөлөрдөн сырткары биздин окумуштууларды, студенттерди окуудан өткөрүп, жасалма уруктандырууну жалпы фермерлерге жайылтууну көздөп жатабыз. Алдыда уйлардын, койлордун  ДНКларын изилдөө жана эт, сүттөрүнүн сапатын изилдөө планы да турат», — деди ОшМУнун профессору Абдуганы Абдурасулов. 

Кудайберди Кожобеков кызматташуу багытында алдыда биргеликте даярдалган долбоорлорду университет колдоого даяр экенин белгиледи. 

ОшМУнун Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунда агрономия жана ветеринария адистиктери бар. Институттун базасында окуу-өндүрүштүк ветеринардык клиникасы жана илимий лабораториялары, борборлору иш алып барат.

 

Фото галерея