Вильнюс университети ОшМУ менен жаңы долбоорлордо иштешүүгө кызыкдар

Башкы Жаңылыктар

Вильнюс университети ОшМУ менен жаңы долбоорлордо иштешүүгө кызыкдар

Image

Бүгүн, 28-майда Литванын Вильнюс университетинин STEAM усулдук билим берүү борборунун жетекчиси Паулюс Лукас Тамошюнас ОшМУга иш сапары менен келди. Ал ректор Кудайберди Кожобеков менен жолукту.

Буга чейин ректор Кудайберди Кожобеков 12 жылдык билим берүү программасынын алкагында ЖОЖдордо 3+1,5  билим берүү программасы боюнча атайын долбоор сунуштаган. Бүгүнкү күндө Вильнюс университетинде мына ушул программанын алкагында билим берилет. Буга байланыштуу Паулюс Лукас Тамошюнас “мына ушул долбоордун алкагында эки университет кызматташса” деген сунушун айтты. 

Биргеликте иштешүүнүн алкагында ОшМУда аталган программа боюнча адистер даярдалат. Ошондой эле программаны Кыргызстандын аймагында жайылтууда ОшМУ ХАБ катары пайдаланылат. 

Жыйынтыгында тараптар бул маселе боюнча алдыда иштешүүгө ниеттеништи.

 

Фото галерея