
ОшМУнун педагогика, искусство жана журналистика институтунун педагогика кафедрасы Өзбекстандын Низами атындагы Өзбекстан улуттук педагогикалык университети менен биргеликте Брейн-Ринг интеллектуалдык таймашын уюштурушту.
Педагогика дисциплинасы боюнча эл аралык деңгээлдеги таймаш 24-майда үч этап менен өттү. Ага эки унверситеттен кыргыз, өзбек, орус жана ангилис тилдүү командалар катышты. Катышуучулар педагогика илими боюнча билимдерин жана логикалык ой жүгүртүүсүн сынашты.
Жыйынтыгында Филология, журналистика жана массалык коммуникация институтунун 2-курсунун "Англис тили" жана "Кыргыз тили жана адабияты" адистигинин студенттери биринчи орунду жеңип алышты. Ал эми "Орус тили жана адабияты" адистигинин студенттери экинчи орунга татыды. Командаларды педагогика кафедрасынын башчысы Гулмира Жутанова, доцент Замирбек Божонов, окутуучулар Галина Жакупова, Азизакан Жусупова, Айсана Самиевалар жетектеп барышты.
Низами атындагы Өзбекстан улуттук педагогикалык университетинин эл аралык кызматташтык боюнча проректору Феруза Икромхонова мындай билим таймаштарынын жаш мугалимдердин кесиптик өнүгүүсүнө кошкон салымын белгилеп өттү.
Бул иш-чара эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого жана студенттердин кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталды. Эске салсак, буга чейин билим таймашы ОшМУнун ичинде өткөрлүп, жеңүүчүлөр аныкталган.