
23-25-апрель күндөрү ОшМУда Казакстандын Аккредитация жана рейтинг көз карандысыз агенттиги тарабынан сырттан баалоо процедурасы өткөрүлдү.
Анда дарылоо иши, фармация, педиатрия стоматология, медико-профилактикалык иши, магистратура боюнча коомдук саламаттыкты сактоо жана PhD докторантуранын экономика багытынын билим берүү программаларынын сапатын баалоо жүргүзүлдү.
Аккредитация ОшМУнун билим берүү программаларынын эл аралык стандарттарга ылайыктуулугун тастыктоо жана алардын жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого багытталгандыгын көрсөтүү максатында жүргүзүлдү. Бул процедура учурунда билим берүү программаларынын өздүк баалоо отчёттору анализденди.
Ректор, административдик башкаруу кызматкерлери, профессордук-окутуучулук курам, студенттер, бүтүрүүчүлөр жана иш берүүчүлөр менен интервью өткөрүлдү. Ошондой эле окуу процессинин уюштурулушу жана билим берүү программаларынын материалдык-техникалык базасынын абалы бааланды.