
ОшМУнун Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун зоология, экология жана биоинженерия кафедрасынын «Антрополог» илимий кружогунун мүчөлөрү Араван жана Ноокат райондорундагы мектептерде көчмө илимий иш-чара өткөрүштү.
Анын алкагында кафедранын доценти Олияхон Юлдашова Ноокаттагы Б.Атишева атындагы орто мектепте окуучулардын ата-энелери менен атайын жолугушуу өткөрдү. Анда ал физиологиялык антропология багытындагы көп жылдык изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары менен бөлүштү. Балдардын физикалык өнүгүүсүнө экологиялык жана социалдык факторлордун тийгизген таасири тууралуу кеңири маалымат берди.
Юлдашованын айтымында, балдардын ден соолугу жана сергек жашоо образы алардын окуудагы жетишкендиги жана эс тутумунун сапаты менен тыгыз байланышта. Ошондой эле ал ата-энелерге үй-бүлөлүк бюджетти туура пландаштырып, балдар үчүн ыңгайлуу билим алуу шарттарын түзүү — келечекке болгон эң маанилүү инвестиция экенин белгилеп өттү.
Иш-чара окуучулардын антропометриялык көрсөткүчтөрүн аныктоо жана алардын физикалык өнүгүүсүн изилдөө максатында өткөрүлдү