Ош шаарындагы алты мектептин окуучуларынан “дары” наркоманиясын алдын алуу боюнча 25-26-февралда анонимдүү сурамжылоо жүргүзүлдү.
Сурамжылоону “Дары” наркоманиясына каршы күрөш: Кыргызстанда коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн чараларды иштеп чыгуу” долбоорунун эксперти Диларам Мадаминова жана Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун волонтер студенттери алышты.
“Буга чейин биринчи баскычта окуучуларга маалыматтар берилген. Экинчи этапта анонимдүү сурамжылоо алынды. Алдыда дилбаян, эссе, сүрөт тартуу сынактары өтөт. Жыйынтыгында апрель айында тегерек стол өткөрөбүз. Окуу-усулдук колдонмолор да жарык көрөт”, - дейт Мадаминова.
Буга чейин долбоордун өкүлдөрү Ош шаарындагы алты мектепте түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Мындан тышкары Баткенде да окутуулар уюштурулган. Долбоор Ош мамлекеттик университетинин доценти Аманай Акматованын жетекчилигинде ишке ашууда. Илимий изилдөө “дары” наркоманиясын алдын-алуу, аныктоо жана дарылоо боюнча натыйжалуу чаралардын комплексин иштеп чыгууну көздөйт.