Бүгүн, 21-февралда Ош мамлекеттик университетинде академик Абылабек Асанкановдун 70 жылдык юбилейине арналган тегерек стол уюштурулду. Ага ректор Кудайберди Кожобеков баштаган профессордук-окутуучулук курам, студенттер, Кыргыз-Өзбек эл аралык университетинин окумуштуулары катышты.
Тегерек столдо Асанкановдун тарых илимдерин изилдөөгө кошкон салымы боюнча окумуштуулардын илимий баяндамалары жасалды. Анда окумуштуунун уюштургучтугу, чечкиндүүлүгү жана адамгерчилиги, мамлекеттеги этносоциология илимин жараткан, калыптандырган жана өнүктүргөн окумуштуу экендиги белгиленди. Кыргыз тарыхын, этнографиясын, маданиятын, чет жерде жашаган кыргыздардын этногенезин, этностук тарыхын, материалдык жана рухий маданиятын, үй-бүлөлүк мамилелерин изилдөөгө кошкон салымы да айтылды.
Окумуштуу Абылабек Асанканов учурда Бегимаалы Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институтунун директору. Кыргызстандын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын эки жолку ээси, өлкөнүн илимине эмгек сиңирген ишмер. Анын 200дөн ашуун илимий эмгектери, анын ичинде 15 монография, 10 окуу китеби жана окуу-усулдук колдонмолорду жарык көргөн. “Кыргыз тарыхы” энциклопедиясынын жооптуу редактору. Эмгектери түрк, орус, англис, кытай тилдеринде жарык көрүп келе жатат.