
Ош мамлекеттик университтинин ректору Кудайберди Кожобеков баштаган делегация Башкырстандагы иш сапардын алкагында 13-февралда М.Акмулла атындагы Башкыр мамлекеттик педагогикалык университетинде (БМПУ) болду.
Окуу жайдын ректору Салават Сагитов менен болгон жолугушууда тараптар өз ара кызматташуу, билим берүү, илим изилдөө багыттарында биргелешкен долбоорлор менен иштөө, педагогикалык адистиктер боюнча окутуучулардын, студенттердин академиялык мобилдүүлүгүн ишке ашыруу тууралуу кызматташуу келишимине кол коюшту.
Академиялык мобилдүүлүктөн өтө турган окутуучулар менен студенттер жол чыгымдарын өздөрү каржылайт. Башка каражаттары өнөктөш окуу жай тарабынан төлөнөт.
Делегация университеттин Аналитикалык борбору, Физика, математика, санариптик жана нанотехнологиялар институту, Табигый-география факультетинде болуп, билим алууга түзүлгөн заманбап шарттар менен таанышты. БМПУда билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен да жолугушту.
Башкыр мамлекеттик педагогикалык университети Кыргызстанда курулуп жаткан орус-кыргыз мектептери боюнча жооптуу окуу жай болуп саналат. Учурда аталган университеттен келген 30 жаш педагог өлкөнүн мектептеринде билим берүүдө.