
Кыргызстандын Катардагы элчиси Марат Нуралиев ОшМУнун Чыгыш таануу институтуна конок лекция окуду.
Онлайн форматта уюштурулган конок лекция "Кыргызстан - Катар дипломатиялык байланыштары: тарыхы, учурдагы абалы жана келечеги" деген темада өттү. Ага институттун студенттери, магистранттары жана профессордук-окутуучулук курамы катышты.
Чыгыш таануу институтунун директору, доцент Жолдошбек Бөтөнөев элчиге ыраазычылык билдирди.
Катар мамлекетинин колдоосу менен Чыгыш таануу институтунда "Катар-Араб окуу жана котормо" борбору ачылган. Ага жалпы 500 миң сом кеткен. Учурда институтта 100гө жакын студент жана магистранттар араб тилин окушат.