
Бүгүн, 13-февралда ректор Кудайберди Кожобеков баштаган делегация Башкырстандын Уфа шаарындагы илим жана технология университетинде болду. Мында тараптар кызматташтыктын жаңы багыттары боюнча сүйлөшүү жүргүздү.
Ага ылайык, эки окуу жайда IT технология, математика, химия, генетика жана тармактык магистратура багытындагы алакаларды чыңдоо макулдашылды. Ошондой эле стартап долбоорлор, илимий изилдөө тармактары боюнча кызматташуу талкууланды. Делегация аталган окуу жайдын лабораториялары, илимий изилдөө борборлору менен таанышты.
Андан ары ОшМУнун делегациясы Башкир мамлекеттик педагогикалык университетине барышты. Алар окуу жайдын жетекчиси Салават Сагитов менен жолугат.
ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган делегациянын Башкырстандын Уфа шаарындагы иш-сапары бүгүн аягына чыгат. Анын алкагында эки окуу жай менен кызматташуу келишимдери түзүлдү. Ал эми Башкыр мамлекеттик медициналык университети менен кош дипломдуу билим берүү документине кол коюлду.