
ОшМУнун ректору баштаган делегациянын Башкырстандагы иш сапары уланууда. 12-февралда эки университеттин ректорлору Кудайберди Кожобеков жана Илдар Габитов окутуучулардын, студенттердин академиялык мобилдүүлүгү, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу, биргелешкен билим берүү, илим изилдөө иштерин алып баруу, ветеринария адистиги боюнча алдыда кош диплом берүү программаларын иштеп чыгуу боюнча кызматташуу келишимине кол коюлду.
Делегация Башкыр мамлекеттик агрардык университетинин кампусу менен таанышып, Агротехнология жана токой чарбасы, Биотехнология жана ветеринардык медицина, Тамак-аш технологиясы факультеттеринде болду. Мындан тышкары лабораториялары, материалдык техникалык базалары, билим берүүгө түзүлгөн шарттары менен да таанышты.
Эске салсак: иш сапардын алкагында ОшМУ Башкыр мамлекеттик медициналык университети менен 2+2 форматы боюнча кош диплом берүү келишимине кол койгон. Ошондой эле студенттер ортосундагы академиялык мобилдүүлүк программасы, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу үчүн Уфа мамлекеттик мунай техникалык университети менен кызматташат.