ОшМУнун окутуучулары Азербайжанда тажрыйба алмашты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучулары Азербайжанда тажрыйба алмашты

Image

ОшМУнун экономика, бизнес жана менеджмент институтунун директору Тимур Исраилов баштаган окутуучулар 25-январдан 1-февралга чейин Азербайжанда сапарда болушту. 

Алар Азербайжандын ЖОЖдорунда болуп, жетекчилери жана окутуучулары менен жолукту. Тараптар изилдөө программалары, долбоорлор жана студенттердин алмашуу программалары боюнча пикир алышты.

Ошондой эле илим, технология, инженерия жана математика боюнча билим берүүнүн сапатын жогорулатууга көмөктөшө алган спутник долбоорлорун түзүү талкууланды. 

Жыйынтыгында  Азербайжан мамлекеттик экономикалык университети  жана Баку Евразиялык университети менен ОшМУнун ортосунда кызматташтыктын жаңы горизонтторун ачкан өз ара түшүнүшүү меморандумдарына кол коюлду. 

ОшМУнун делегациясы эки окуу жайдын мугалимдери менен студенттерине STEАM, технология, математика жана илим багытындагы мастер-класстарды, семинарларды өтүштү. Муну менен бирге ОшМУда STEАM дисциплиналары боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат беришти. Бул багытта эффективдүү окутуу ыкмаларын ишке киргизүү, тажрыйба алмашуу жана окутуу программаларын иштеп чыгуу сүйлөшүлдү. 

Тараптар Кыргызстанда жана Азербайжанда STEM билим берүүнү өнүктүрүүгө тийиш болгон эл аралык мамилелерге кызыкдар экендигин билдиришти.

Кызматтык сапар Кыргызстан менен Азербайжандын ЖОЖдорунун ортосундагы академиялык байланыштарды түзүүгө жана тажрыйба алмашууга багытталды. 

Фото галерея