
6-февралда ОшМУда жогорку кесиптик билим берүүнүн сапатын камсыздоодогу инновациялар боюнча маалыматтык иш-чара өттү. Ага ректор Кудайберди Кожобеков, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышты.
Жыйында Билим берүү программаларынын жана уюмдарын аккредитациялоо боюнча агенттигинин директору Бактыбек Исмаилов презентация жасады. Ал университеттердин эволюциясынын себептери, бири-биринен айырмачылыктары жана бүгүнкү күндөгү заманбап ЖОЖдордун өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымат берди.
Иш-чарада аталган агенттиктин өкүлдөрү Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо боюнча жүргүзүп жаткан иштери, Кыргызстандын аккредитациялоо мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр тууралуу айтып беришти. Ошондой эле тapмaктар боюнча PhD докторун даярдоо үчүн аккредитациядан өтүүдө билим берүү программаларына коюлган минималдуу талаптарды айтышты.
Презентациялардан кийин катышуучулар суроо берип, талкуу жүрдү.