Сузакта унаа кырсыгында жабыркаган окуучуларга психологиялык жардам көрсөтүлдү

Башкы Жаңылыктар

Сузакта унаа кырсыгында жабыркаган окуучуларга психологиялык жардам көрсөтүлдү

Image

ОшМУнун психология кафедрасынын 5 практик психолог окутуучусу, 4 магистри жана 5 психолог ыктыярчы Сузакта кырсыктан жабыркаган окуучуларга жана алардын жакындарына психологиялык жардам көрсөтүштү. 
Алар Жалал-Абад шаарындагы облусттук балдар ооруканасында балдары  жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жаткан ата-энелерге психологиялык жардам беришти. Ошондой эле ооруканага кырсыктан соң амбулотордук даарыланууга келген өспүрүмдөр менен иштеп, психологиялык кеңеш жана бир жолку терапияларды жүргүздү. 
Аны менен катар кырсык катталган жерде,  Сузак районунун Мичурина мектебинде  болуп реабилитациялык иштерди улантышты. 
2-майда Жалал-Абаддын Сузак районунда Hyundai Porter жүк ташуучу унаасы маданий иш-чарага катышып жаткан окуучуларды сүзүп кеткен. Жыйынтыгында кырсыктан 30дан ашуун окуучу түрдүү жаракат алган.

Фото галерея