ОшМУда Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүшү талкууланууда

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүшү талкууланууда

Image

ОшМУ менен Энергетика жана суу циклдары боюнча дүйнөлүк эксперимент (GEWEX) эл аралык илимий уюму биргеликте уюштурган Борбордук Азиядагы климаттын өзгөрүшү боюнча III эл аралык илимий конференция өтүп жатат.

Иш-чарага GEWEX эл аралык долбоорунун директору Петрус Ван Оэвелен, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын башчысы Токтогул Мамашов, аталган министрликтин Ош регионалдык башкармалыгынын Экологиялык мониторинг бөлүмүнүн башчысы Канатбек Закиров, ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, Эл аралык медицина факультетинин деканы Роман Калматов, чет өлкөлөрдөн келген 50 гө жакын эл аралык эксперттер, илимпоздор катышууда.

Конференциянын алкагында метеорологиялык, климатологиялык жана гидрологиялык маалыматтар аныкталат. Андан сырткары Борбор Азия үчүн актуалдуу климаттык моделдерди иштеп чыгуу, байкоо тармактарын өнүктүрүү жана координациялоо, климатка адаптациялануу, маалыматтардагы конкреттүү муктаждыктарды аныктоо жана потенциалдуу экономикалык талдоо жүргүзүү боюнча талкуулар жүрөт.

 GEWEX  эл аралык илимий уюму дүйөдөгү климаттын өзгөрүшүнө мониторинг жүргүзгөн илимий уюм болуп саналат. Конференцияда GEWEX уюму Борбордук Азиядагы жакынкы күтүлүп жаткан климаттын өзгөрүшү боюнча Кыргызстандын 3 жерине чоң илимий долбоор тартып жаткандыгын белгиледи. Ага ылайык Кыргызстандын 3 жерине  Ысык-Көл, Суусамыр, Алайда обсервато́рия куруу пландалып жаткандыгы айтылды. Долбоорду ишке ашырууга ОшМУ да катышат.   

“Учурда ОшМУда президент С.Жапаровдун БУУда сүйлөгөн сөзүндөгү жашыл экономикага өтүү боюнча койгон тапшырмаларына ылайык бир топ илимий изилдөө иштери жүрүп жатат. Иш-чарада университеттин Токио медициналык жана стоматологиялык университети биргеликте 5 млн АКШ долларын түзгөн “Спутниктик маалыматтарга жана аймактык химиялык транспорттук моделдөөнүн негизинде абанын булганышын баалоо системасын өнүктүрүү жана абанын булганышын изилдөө” борборун түзүү долбоорун ишке ашырып жаткандыгы презентацияланды. Иш-чара 1-майга чейин уланат”,-деди ОшМУнун илимий иштер боюнча прректору Руслан Арапбаев.

 

Фото галерея