Болочок дарыгерлер КВН-олимпиадада мелдешти

Башкы Жаңылыктар

Болочок дарыгерлер КВН-олимпиадада мелдешти

Image

ОшМУнун 85 жылдык мааракесине карата Медицина факультетинин жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология кафедрасы тарабынан "Мыкты биохимик- II" КВН-олимпиадасы өткөрүлдү.

КВН-олимпиадага биохимия дисциплинасы боюнча дарылоо иши, педиатрия, стоматология, фармация багытында окуган 2-3-курстун студенттеринин арасынан 10дон катышуучу тандалып алынган. Студенттер  саламдашуу, биохимиялык процесстер тууралуу сахналык көрүнүш,  Kahoot программасынын жардамында суроолорго жооп берүү  боюнча билимдерин сынашты.

Топтор  КР УИА мүчө корреспонденти, профессор, жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология кафедрасынын башчысы Таасилкан Жумабаева баштаган калыстар тарабынан бааланды.

 Жыйынтыгында "Аптечные пленники" командасы баш байгени жеңип алышты. "ГармонX" дарылоо иши адистигинин студенттеринен турган команда  1-даражадагы диплом, "Биохимцы" командасы 2-даражадагы диплом, "Маги лечения" командасы 3-даражадагы диплом менен сыйланышып, акчалай сыйлыктарга ээ болушту.

Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология кафедрасына  ОшМУнун кесиптик бирлигинин  ыраазычылык каты тапшырылды.

Иш-чара студенттердин билимдерин өркүндөтүү жана тереңдетүү, Медицина факультетиндеги дарылоо иши, педиатрия, стоматология, фармация  багыттарында билим алган студенттердин билимин баалоо, студенттер арасында достук мамилени чыңдоо максатында уюштурулду.

Фото галерея