ОшМУда интеллектуалдык тил сынагы өттү

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда интеллектуалдык тил сынагы өттү

Image

ОшМУнун тил жана маданият борборлорунун уюштуруусунда университеттин 85 жылдык мааракесине карата «Тил – биримдиктин жана маданияттын башталышы» аттуу интеллектуалдык тил сынагы өттү. Сынак «Салам сөздүн энеси», «Поэзия дүйнөсүндө»,  «Үй тапшырмасы: «Тил үйрөнүү – студенттердин изденүүсү менен» темасында видеоролик», «Элдин салты, улуттук код, культтан көрүнүш», ««Кеменгер»  викториналык суроолор боюнча тапшырмалар» аттуу 5 этаптан турду. Командалар кыргыз, казак, орус, англис, немис, испан, түрк, жапон, кытай тилдерин алып чыгышты.

Иш-чараны ОшМУнун тышкы байланыштар боюнча проректору Курсантбек Аттакуров ачып, сынактын катышуучуларына  ийгилик каалады.

Студенттердин көркөм өнөрү жана тил жөндөмүн байкоого арналган сынактын жыйынтыгында баш байгени «Самурай» – жапон тил тобу, I орунду «Шаңырақ» – казак тил тобу, II орунду «The World Viaduct» – англис тили менен «Коломто» – кыргыз тил топтору, III орунду «Знатоки»– орус тили, «Конфуций» – кытай тили жана «Ay Yildiz» – түрк тил топтору ээлешти.  «Мыкты поэзия» номинациясы мемен «Конфуций», «Мыкты видеоролик» номинациясы мемен «Ay Yildiz» тобу, «Мыкты улуттук кийим» номинациясы менен «Wunder kinder» немис тил тобу, «Мыкты эпизод» номинациясы менен «Коломто» тобу, «Мыкты креативдүү команда» номинациясы менен «Al liquindoi»– испан тил топтору сыйланды. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды.

Сынак тилдердин маданияттар аралык байланышын өнүктүрүү, студенттердин чыгармачылык жөндөмүн чыңдоо, жаштарды көбүрөөк тил билүүгө багытоо, ОшМУдагы борборлордун иши менен таанышуу максатында уюштурулду.

 

Фото галерея