ОшМУда майыптуулугу бар жаштардын билим алууга жана ишке орношууга болгон муктаждыктарын изилдеген долбоор ишке ашууда

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда майыптуулугу бар жаштардын билим алууга жана ишке орношууга болгон муктаждыктарын изилдеген долбоор ишке ашууда

Image

ОшМУда “Майыптыкты изилдөө жана майыптыгы бар жаштарды маалыматтык-консультациялык колдоо борборунун виртуалдык платформасын  (сайты) түзүү жана Sсopus базасында катталган журналдарына макала жарыялоо” долбоору боюнча изилдөөлөр жүрүп жатат. Долбоор ОшМУнун ички грантынан каржыланып, баасы 1 082 000 сомду түзөт.
 
Долбоордун талаа изилдөө иштерине социалдык иштер кафедрасынын окутуучулары катышууда. Ошондой эле студенттерге талаа изилдөө тажрыйбасы үйрөтүлүүдө.
“Долбоордун биринчи этабындагы изилдөөлөрдө Ош, Жалал-Абад жана Баткен областарынын аймактарында 11-мартынан тартып 31-мартына чейин уюштуруу иштери менен биргеликте 121 респонденттен сурамжылоо алынды. Жалпы талаа изилдөөлөрүнүн анкеталык сурамжылоолору план боюнча 2024-жылдын 30-июнуна чейин уланат”, -деди долбордун жетекчиси, Тарых жана социалдык иштер факультетинин социалдык иштер кафедрасынын улук окутуучусу Кундузхан Каримова.
Учурда долбоор боюнча майыптыгы бар жаштар жана алардын ата-энелеринен, ошондой эле жумуш берүүчүлөрдөн анкеталык сурамжылоолорду алуу иштери жүрүүдө.
Бул изилдөө майыптыгы бар жаштардын билим алууга жана ишке орношууга болгон муктаждыктарын, маалыматка жеткиликтүүлүктүн жоктугуна, ошондой эле Кыргызстандын түштүгүндөгү окуу жана жумуш издөө процессине таасир этүүчү факторлорду изилдөөгө мүмкүндүк берет.
Долбоордун максаты инклюзивдик жана адилеттүү, сапаттуу билимди камсыз кылуу жана бардыгы үчүн өмүр бою билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн жайылтуу болуп саналат.

Фото галерея