ОшМУнун кызматкерлери ЖОЖдордун басма сөз кызматкерлерин окутуу боюнча тренингге катышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун кызматкерлери ЖОЖдордун басма сөз кызматкерлерин окутуу боюнча тренингге катышты

Image

ОшМУнун басма сөз катчысы Зинагул Нуралиева жана “Үмүт” телестудиясынын кабарчысы Мээрим Айтмаматова Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргыз-Түрк “Манас” университети биргеликте уюштурган интенсивдүү окутуу тренингине катышты. 

Тренингди Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин деканы Сезаи Мехмет ачып берди. Анда министр Догдуркүл Кендирбаева 12 жылдык билим берүү боюнча айтып, бул иш-аракеттерди коомчулукка туура, ачык жеткирүүдө  басма сөз кызматкерлеринин ордун белгилеп өттү.

Интенсивдүү окутууда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучусу Гүлзада Станалиева “Кантип мыкты PR текст жазса болот?»,  доцент Эрдоган Акман “Кабар жазуу техникаларында жана кабар жазууда жаңы тренддер”, медиа эксперт Тагжана  Айдаралиева “ЖОЖдор үчүн РR стратегия”, Кыргыз улуттук университетинин доценти Ширин Костюк “Стоп эфир! Эфирде кандай алып жүрүү керек?”,  Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин
Басма сөз жана коомчулук менен байланыш боюнча директору Гөкжан Челик “Социалдык медианы өздөштүрүү: контент жана стратегиянын негиздери”, Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Гүлмира Үмөталиева “Кризис, коркунучпу же мүмкүнчүлүкпү? Кризис маалындагы коммуникация” деген темаларда үстүндө баяндама жасап, талкуулар орун алды.

Тренингдин катышуучулары “Медиа Манас” борборунда болуп, борбордун мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты. Жыйынтыгында жалпы катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.

Фото галерея