Өзбекстандын ЖОЖдору менен кызматташтыктар бекемделүүдө

Башкы Жаңылыктар

Өзбекстандын ЖОЖдору менен кызматташтыктар бекемделүүдө

Image

Каракалпакстандагы Агротехнология жана айыл чарба институтунан, Самарканд мамлекеттик ветеринария, мал чарба жана биотехнология университетинин Нукус филиалынан ОшМУга академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында  делегация  келди.

Делегация Табият таануу, туризм жана агрардык  технологиялары факультетинде болуп, конок лекцияларды окуду. Ошондой эле, коноктор ветеринария  жана агрономия адистигинин студенттери, окутуучулук-профессордук курамынын катышуусунда «Айыл чарбадагы актуалдуу маселелер» аталышында тегерек столго катышты.

Ага улай эле Фергана мамлекеттик университетинин доценти Мутабар Мирзаева баштаган окутуучулар жана студенттер өнөктөштүктү бекемдөө жана илимий тармактагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында  ОшМУда  болду.

Мында алар  ОшМУнун тышкы байланыштар боюнча проректору Курсантбек Аттокуров  жолукту. Тараптар академиялык мобилдүүлүктүн алкагында, профессордук-окутуучулук курам арасында тажрыйба алмашуу, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Делегация Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялары факультетинде агрономия адистигинде билим алып жаткан студенттерге дыйканчылык жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк темаларында конок лекцияларды окуду.

Фото галерея